«Шереметьево» аэропортунда кыргызстандык айдоочулар катышкан жаңжалды Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги териштирип жатат. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкерлери «Азаттыкка» азырынча колуна такталган расмий маалыматтар тие элек экенин билдиришти.
23-августта Москванын «Шереметьево» аэропортунда күзөт кызматы менен кыргызстандык таксисттердин ортосунда жапырт мушташ болгону айтылып, Интернетке видео чыккан. Андан эки кыргызстандык ооруканага түшкөнү, мушташ болгон жерге «Тез жардам» келгени кабарланган.
Мушташтын себептери ар кандай божомолдонуп жатат. Расмий комментарий бериле элек. (SE)