Линктер

дүйшөмбү, 23-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 14:58

Өзбекстанда кенчилер иш таштаган соң тогуз аткаминер жумуштан алынды


Окуя тууралуу видеодон алынган сүрөт.

Өзбекстандын Сурхандарыя облусунда кенчилер иш таштагандан кийин тогуз аткаминер жумуштан алынды. «Узбекистон темир йуллари» акционердик коомунун жетекчилиги нааразылыктын себептерин иликтеп, ушундай чечим кабыл алды.

14-15-августта «Шаргункумир» көмүр ишканасында 200дөй шахтер иш таштаган. Алар эмгек шартынын татаалдыгына жана маянанын аздыгына даттанышкан.

«Узбекистон темир йуллари» «Шаргункумир» ишканасында орточо айлык акы 2, 343 миллион сумду (250 доллардын тегереги) түзөрүн билдирди. Компанияда 596 киши эмгектенет.

2018-жылы 8-ноябрда президент Шавкат Мирзиёевдин буйругунун негизинде «Узбеккумир» жана «Шаргункумир» ишканалары «Узбекистон темир йуллари» акционердик коомуна кошулган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG