Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:12

Путин менен Эрдоган Сирияны талкуулайт


Владмир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган.
Владмир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган.

Бүгүн, 27-августта Орусиянын жана Түркиянын президенттери Владимир Путин менен Режеп Тайып Эрдоган Москванын жанындагы Жуковский шаарында жолугат.

Кремлдин маалыматына ылайык, Эрдоган Орусияда кыска мөөнөттүү жумушчу сапары менен болот жана МАКС-2019 аттуу XIV эл аралык авиакосмос салонуна барат. Эки өлкөнүн лидерлери саясий, соода-экономикалык, аскердик-техникалык багыттагы өз ара алака-катышын, эл аралык жана аймактык деңгээлдеги маселелерди талкуулайт.

Түркиянын президентинин Орусиядагы сапары Сирияда козголоңчулар ээлеп турган Идлиб аймагына өкмөттүк күчтөр чабуул коюп жаткан маалга туш келди. Москва менен Анкара бул провинцияда демилитаризациялык буфердик аймак түзүшкөн эле. Эрдоган Орусияга жөнөп баратканда:

- Идлибде Башар Асаддын режими залака келтирген жагдайлар бар. Биз ал тууралуу Путин менен телефондон жакшылап сүйлөштүк. Биз ал маселени мүмкүн болушунча тез арада чечебиз деп үмүттөнөм, - деди.

Анкарадагы «Hurriyet Daily News» басылмасы жакынкы күндөрү Түркия Сирияга кургактагы аскерлерин жөнөтөрүн жазып чыкты.

Түркия Сирияда президент Башар Асадга каршы чыгып жаткан козголоңчулардын айрым топторун колдойт. Анкара ошондой эле Вашингтон менен Сириянын чек арасына жакын жерде «коопсуз аймак» түзүү боюнча кызматташып жатат. Бирок ошол эле учурда АКШ колдоп жаткан күрд согушкерлерине каршы чыгып келет.

Москва менен Тегеран болсо Сирия өкмөтүнүн негизги аскердик колдоочулары болуп саналат. Москва 2015-жылдан тартып аскердик кийлишүүнү күчөткөн жана бул өлкөгө 4 миңге чукул аскер, кыргын салуучу куралдарды жөнөткөн.

Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, Сирияда 2011-жылы согуш башталгандан бери 400 миңге жакын жаран өлдү, дагы 6 миллиондой адам качып, жер которууга аргасыз болду.

XS
SM
MD
LG