Германияда 25-августта «Volkswagen» автоконцернинин мурдагы төрагасы жана башкы директору Фердинанд Пиех 82 жаш курагында каза болду.
Фердинанд Пиех бул автоконцернге 1993-жылы директор болуп дайындалган. Анын тушунда сапаттуу жана кымбат машинелерди чыгарууга көңүл бурулган. Компаниянын кирешеси бир канча эсе көбөйүп, дүйнөлүк лидерге айланган.
Пиех бул компаниянын төрагалык кызматынан 2015-жылы, ошол кездеги башкы директор Мартин Винтеркорн менен тил табыша албай кеткен.
Ал 1937-жылы Австрияда төрөлгөн. Швейцарияда окуп келгенден кийин чоң атасы түптөгөн «Porsche» компаниясына ишке орношкон. «Volkswagen» компаниясында 1972-жылдан тарта иштей баштаган.