Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:47

Депутат билим берүү министрин кызматтан кетирүү боюнча петицияга кол коюуга чакырды


Гүлмира Кудайбердиева.
Гүлмира Кудайбердиева.

Парламенттин депутаты Евгения Строкова билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын кызматтан кетириш үчүн түзүлгөн петицияга кол топтоого чакырууда. Ал мындай кадамын министрдин ишине ичи чыкпаганы менен түшүндүрдү. Строкова билим берүү министрлиги коррупциялашып, реформа жүрбөй жатат деп эсептейт.

- Жөн гана жумуштан алып салуу жетишпейт, - деди ал. - Эгерде иштерин чындап текшерсе ал жакта башаламандык бар экени ачыкка чыгат. Анан эч кандай реформа жүргөн жок. Чет өлкөдөгү гранттык орундар боюнча кайрылгандар бар. Ал эми окуу куралдарындагы каталарды айтпай эле коеюн. Акырында булар боюнча министрден башкасынын баары эле күнөлүү болуп калат.

Интернетте билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеваны кызматтан кетирүүнү талап кылып, онлайн кол топтоп жатышат. Петиция сhange.org платформасында жүргүзүлүүдө. Петицияга кол койгондордун саны 500дөн ашты.

Бул дооматтар боюнча билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын өзүнө байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек. Буга чейин коомчулукта мектеп китептериндеги каталар боюнча министрликке кескин сын пикирлер айтылып келген. (TSh)

XS
SM
MD
LG