Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:24

Трамптын кеңешчиси Жон Болтон Киевге келди


Жон Болтон.
Жон Болтон.

АКШнын президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жон Болтон 27-августта Украинага келди.

Ал сапарынын алдында «Твиттердеги» баракчасына «АКШ Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин реформа жасап, Украинаны күчтүү жана өнүккөн өлкөгө айландыруу аракеттерин колдойт» деп жазды.

Мунун алдында Франциянын президенти Эммануэл Макрон «Чоң жетинин» саммитинде келерки айда Украинадагы жагдайга байланыштуу Орусиянын, Украинанын, Германиянын жана Франциянын лидерлери жолукканы жатканын маалымдаган.

Украинанын чыгыш тарабында орусиячыл жикчилдер менен өкмөттүк күчтөрдүн кагылышуусу 2014-жылы, Орусия Крымды аннексиялап алганда башталган. Ошондон бери жаңжалда 13 миңден ашуун адам ажал тапты.

Крымдын аннексиясына байланыштуу Орусия «Чоң жетинин» катарынан чыгарылган.

Болтондун андан аркы сапары Белорус менен Молдавияда уланмакчы.

XS
SM
MD
LG