Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:31

Равшан Жээнбеков журналисттик этика комиссиясына кайрылды


Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

Саясатчы Равшан Жээнбеков Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздарды караган комиссияга кайрылып, бир катар сайттарда жазылган макалалардын этикалык жагын карап берүүнү суранды.

Жээнбеков «Русская весна» порталына, «paruskg.info», «stanradar.com» интернет-басылмаларына каршы даттанган. Аларда бири-бирине окшош макалалар 14-15-августта чыккан.

Саясатчы бул тууралуу «Азаттыкка» билдирип, «Равшан Жээнбеков АКШнын атайын кызматына иштейт», «Мамлекеттик төңкөрүш жасаганга аракет кылып жатат» деген өңүттөгү куру доомат маалыматтар жазылганын айтты:

- Сөз эркиндигин урматтаган адам катары ал интернет-басылмаларды сотко берген жокмун. Маселени калыс карап, баа берчү комиссияга даттандым».

Жээнбеков «Русская весна» басылмасы Орусияга таандык экенин, берки эки сайт Кыргызстандан эле каттоого өтүп иштеп жатканын кошумчалады. «Азаттык» ал басылмаларга байланышып, азырынча комментарий ала алган жок.

Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы арыздарды караган комиссия мүчөлөрү арыз 23-августта жазылганын, адистер карап жатканын билдиришти.

Журналисттерден жана жарандык коом өкүлдөрүнөн куралган, 13 кишиден турган комиссия маалымат каражаттарына болгон нааразылыкты сотко жеткирбей жөнгө салууну көздөйт. Жетекчиси - юрист Шамарал Майчиев.

Коомдук башталыштагы бул комиссиянын чечими сунуш катары эсептелет, юридикалык күчү жок.

Кыргызстандын журналисттеринин этикалык кодекси 23 беренеден турат. Комиссия ошол кодекстин негизинде иштейт. (SE)

XS
SM
MD
LG