Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Баткендин киши колдуу болгон прокурорунун атасы президентке кайрылды


(Оңдон солго): катарда биринчи турган шектүү Мелис Калыков, катарда үчүнчү турган маркум прокурор Анарбай Мамажакыпов. Сүрөт Интернеттен алынган.
(Оңдон солго): катарда биринчи турган шектүү Мелис Калыков, катарда үчүнчү турган маркум прокурор Анарбай Мамажакыпов. Сүрөт Интернеттен алынган.

Баткен облусунун мурдагы прокурору Анарбай Мамажакыповдун атасы Кубатидин Мамажакыпов сот адилеттигин камсыз кылып берүүнү өтүнүп президентке кайрылды. Аксакалдын кайрылуусу 27-августта Интернетке чыкты.

Ал баласынын өлүмүнө шектүү болуп жаткан Мелис Калыковдун адвокаттары ишти атайылап создуктуруп жатат деп күмөн саноодо. Андан тышкары, маселеге маалымат каражаттары олуттуу көңүл бурбай жатканына, сот дээрлик бир жылдан бери уланып келатканына нааразы болууда.

43 жаштагы Анарбай Мамажакыпов 2018-жылы ноябрда киши колдуу болгон. Анын сөөгү Баткенде тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен иш козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын ошол кездеги башчысы Мелис Калыков кармалган. Учурда ал Ош шаарындагы тергөө абагында жатат. Калыков өзүнө коюлган айыптарды мойнуна албай келет.

Иш Ош шаардык сотунда каралууда. Кийинки отурум 2-сентябрда болот. (SE)

XS
SM
MD
LG