Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:03

Италияда өкмөт башчы тандоодо мунаса табылбай жатат


«Беш жылдыз кыймылы» партиясынын лидери Луижи ди Майо (ортодо).
«Беш жылдыз кыймылы» партиясынын лидери Луижи ди Майо (ортодо).

Италия парламентинде көпчүлүктү түзгөн «Беш жылдыз кыймылы» партиясы жана Демократиялык партия премьер-министрлик кызматка талапкер тандоодо бир пикирге келе албай жатат.

«Беш жылдыз кыймылы» Жузеппе Конте өкмөт башчылык ишин уланта беришине макул. Демократиялык партия «башка талапкер болушу керек» деп турат. Эгер партиялар мунасага келбесе, Италия президенти Сержо Маттарелла парламентти таратып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүшү керек.

Жузеппе Конте 2018-жылдын 1-июлунан тартып өкмөттү башкарып, быйыл 21-августта расмий түрдө кызматтан кеткен. Конте парламентте сүйлөп жатып өз чечимин башкаруучу коалициядагы «Беш жылдыз кыймылы» менен «Лига» партиясынын ичиндеги ыйкы-тыйкылык менен түшүндүргөн.

XS
SM
MD
LG