Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Абылгазиев: Солтон-Сарыдагы маселе эл менен кеңешип чечилет


Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Нарындагы Солтон-Сары алтын кенинин тагдыры жергиликтүү эл менен кеңешип чечилерин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 28-августта өкмөттүн жыйынында билдирди.

- Солтон-Сары алтын кени боюнча жергиликтүү эл экологиялык туура маселе койду. Инвесторлорго 84 пункттан турган талаптар коюлган. Алдыда аларды аткаруу милдети турат. Кендин тагдыры кандай болот, аны жергиликтүү эл менен чогуу чечебиз, - деди Абылгазиев.

Нарын районунда жайгашкан Солтон-Сары алтын кенинин Бучук участогун иштетүү укугу 2013-жылы кытайлык «Zhong Ji Mining Company» ишканасына 20 жылга берилген.

Кытайлык компанияга нааразы болгон 600-700гө жакын жергиликтүү адам анын ишин токтотууну талап кылып 5-августта нааразылык акциясына чыккан. Ошол күнү чыр чыгып, 47 кытай жараны жана бир жергиликтүү тургун жабыркаган.

7-августта өкмөт компаниянын кендеги иши убактылуу токтогонун билдирген. Ошол эле күнү жергиликтүү тургундар бийликке кайрылып, 5-августтагы окуя үчүн эч кимди камабоо, жалпы аймакта кен иштетүүгө мөөнөтсүз мораторий жарыялоо боюнча талаптарды коюшкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG