Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:22

УКМКнын Кой-Ташта каза болгон офицери «Эрдик» медалы менен сыйланды


Үсөнбек Ниязбеков.
Үсөнбек Ниязбеков.

Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда каза болгон Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери, полковник Үсөнбек Ниязбеков (курман болгондон кийин) «Эрдик» сыйлыгы менен сыйланды. Буга байланыштуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 28-августта кол койду. Маркумга сыйлык аскердик милдетин аткарууда көрсөткөн жеке каармандыгы үчүн берилгени көрсөтүлгөн.

УКМКнын «Альфа» түзүмүнүн жоокери Үсөнбек Ниязбеков 7-августта, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясынын биринчи күнүндө ок тийип каза болгон. Анын сөөгү 9-августта Бишкектеги «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаев 13-августта Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгына таянып, Ниязбековду өлтүрүш үчүн түз эле жүрөккө атышканын айткан. Ага өлгөндөн кийин полковник наамы берилген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG