Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Ооганстанда «Талибандын» чабуулунан кеминде 14 полиция кызматкери көз жумду


Ооганстан.
Ооганстан.

Ооганстандын чыгышында 28-августтагы «Талибан» кыймылынын согушкерлеринин кол салуусунан кеминде 14 полиция кызматкери курман болду. Бул тууралуу аймактык полициянын өкүлү Абдул Ахад Вализада кабарлады. Талибдер Герат провинциясындагы Чахардара чек ара өткөрмө бекетине кол салган.

- «Талибан» менен болгон кармашта дагы 9 киши жаракат алган. Кошумча аскер күчтөрү келгенден кийин согушкерлер аймактан чегинди, - деди Вализада.

Ал эми кармашта канча согушкер өлтүрүлгөнү так саны белгисиз.

Ооганстандагы 18 жылдан бери уланып жаткан согушту токтотуу тууралуу, Вашингтон менен «Талибан» кыймылынын бир канча айдан бери уланып жаткан сүйлөшүүлөрү аяктап калганы айтылууда. Ага ылайык, АКШ өлкөдөн аскерлерин чыгарып кетиши керек. Ал эми «Талибан» Ооганстан башка террордук топтордун жайына айланбай турганына кепилдик берүүгө тийиш.

Вашингтон буга чейин тынчтык макулдашуусуна 28-сентябрда, Ооганстанда боло турган президенттик шайлоого чейин жетишүүгө аракеттенип жатканы айтылган.

Азыркыга чейин «Талибан» кыймылы Ооганстандын бийлик өкүлдөрү менен тикелей жолугушуудан баш тартып, аларды «мыйзамсыз» жана «Батыштын кол баласы» деп атап келет.

XS
SM
MD
LG