Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:48

Новосибирск шаарында имарат кулап төрт адам каза тапты


Бир кабаттуу имараттын капталы жана үстү урап түшүп, төрт адам каза тапты. Новосибирск шаары, 28-август, 2019-жыл
Бир кабаттуу имараттын капталы жана үстү урап түшүп, төрт адам каза тапты. Новосибирск шаары, 28-август, 2019-жыл

Орусиянын Новосибирск шаарында 28-августта эртең менен бир кабаттуу имараттын капталы жана үстү урап түшүп, төрт адам каза тапты. Окуядан дагы бир канча адам жабыркаган. Шаар мэри Анатолий Локоть кабарлагандай, эки адам ооруканага жаткырылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмү ушул күндөрү оңдолуп жаткан имарат ураганын ырастады. «Интерфакс» агенттиги жазгандай, курулушта сегиз адам иштеп жаткан.

Үй эмнеден улам кулап калганы белгисиз. «Курулуш иштерин жүргүзүү учурунда коопсуздук эрежелерин бузуу» беренеси менен кылмыш иши козголду.

XS
SM
MD
LG