Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 12:55

Абактан чыккан орусиялык оппозиционер Илья Яшин кайра кармалды


Илья Яшин.

Орусиялык оппозиционер, Москва шаардык кеңешине шайлоодон четтетилип, катары менен келген төртүнчү он күндүк административдик жазасын өтөп, 28-августта бошоп чыккан Илья Яшин кайра кармалды. Ал өзүнүн «Фейсбук» баракчасына «Сыягы, бешинчи жолу камашат окшойт» деп жазды.

Москванын Красносельск округдук кеңешинин төрагасы Илья Яшин «уруксат берилбеген акцияга чакырган» деген жүйө менен июль жана август айларында 10 күндөн төрт жолу камалды. Ар жолкусунда аны убактылуу кармоо жайынан чыкканда полиция алып кетип жатат.

Борбордук шайлоо комиссиясы ар кандай себептер менен оппозициялык маанайдагы талапкерлерди 8-сентябрда өтө турган Москва шаардык кеңешиндеги шайлоого каттабай койгон. Алардын арасында «Коррупция менен күрөш фондунун» юристтери Любовь Соболь менен Иван Жданов, саясатчы Илья Яшин, укук коргоочу Андрей Бабушкин бар.

Москвада өз алдынча талапкерлерди шайлоого катыштырууну талап кылып, дээрлик ар апта сайын нааразылык акциялары өтүп жатат.

10-августта Москвада көчөгө чыккандардын саны 60 миңге жетип, сегиз жылдан берки аралыктагы ири нааразылык акциясы болуп калды.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG