Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:59

Адвокат: ЖЭБ ишинин айрым күбөлөрү кайда экени белгисиз


ЖЭБ.
ЖЭБ.

Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) коррупция ишине күбө катары суралышы керек болгон тогуз адам калды. Бирок алардын бешөө кайда экени белгисиз.

Бул тууралуу «Азаттыкка» кылмыш иши боюнча айыпталып жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун адвокаты Нурбек Токтакунов ​айтып, мунун айынан иликтөө создугуп жатканын билдирди:

- Прокуратуранын бизге берген маалыматына караганда, алар чет өлкөдө экен. Ал күбөлөрдү сурабаса, айыптоо корутундусунан чыгарыш керек.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы муну тактап, комментарий берилерин маалымдады.

Бишкек ЖЭБин оңдоп-түзөөгө байланыштуу соттук териштирүүдө 90 күбөнүн 50дөн ашыгы суралып бүткөнү буга чейин айтылган.

2018-жылы кыш чилдеде, ЖЭБдеги авариядан соң Бишкек бир апта бою жылуулуксуз калган. Териштирүүлөрдөн кийин оңдоп-түзөөдө коррупция аныкталып, кылмыш иштери ачылган.

Эксперттердин тыянагы боюнча ЖЭБди модернизациялоо долбоорун даярдоодогу, кол коюудагы жана ишке ашыруудагы коррупция фактысынан мамлекет 5 млрд 439 млн сом көлөмүндөгү зыян тарткан. Иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Кезектеги отурум 29-августта болот.

Камалгандардын арасында мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдон тышкары мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган жоон топ аткаминерлер бар. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелердин негизинде айып коюлган. (SE)

XS
SM
MD
LG