Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:12

Британ ханышасы премьер-министрдин сунушун колдоду


Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II жана премьер-министр Борис Жонсон.
Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II жана премьер-министр Борис Жонсон.

Британиянын ханышасы Елизавета II премьер-министр Борис Жонсондун өлкө Европа Биримдигинен чыгууга камынып жаткан кезде парламенттин ишин токтото туруу боюнча сунушун канааттандырды.

Парламенттин ишин токтотуу 9-12-сентябрь аралыгында күчүнө кирет жана 14-октябрга чейин созулат.

Өкмөттүн сунушуна ылайык, ханышанын парламенттин жаңы сессиясын ачкан салттуу кайрылуусу 14-октябрга белгиленип жатат. Өкмөттүн көз карашында, бул аралык Брекзит маселесин парламентте талкуулоого корой турган убакытты азайтат. Жонсон парламенттин ишин токтото турууну өкмөттүн жаңы программасын даярдоо жана жарыялоо үчүн колдоно турганын айтууда.

Оппозиция Жонсондун кадамын депутаттарды Брекзит жараянына атайын катыштырбоо аракети катары баалап, бул Конституцияга каршы келе турганын билдирүүдө.

Премьер-министрлик кызматка өткөн айда киришкен Борис Жонсон 31-октябрга чейин Британия Еврошаркет менен атайын келишим түзсө да, түзө албай калса да уюмдун курамынан чыга турганын жарыялаган. Аны сындагандар эгер өлкө эч кандай келишими жок чыкса, экономикалык башаламандык башталып, уюмдагы 27 өлкө менен соода байланыштары бузуларын эскертишүүдө.

Би-Би-Си жазгандай, парламенттин ишин токтотуп коюу өлкөдө олуттуу саясий кризис жаратышы мүмкүн. 2016-жылдагы референдумдун жыйынтыгы боюнча Британия Европа Биримдигинен быйыл 29-мартта эле чыгышы керек болчу.

Бирок бул мөөнөт өкмөттүн уюмдан чыгуу тууралуу парламентке сунуш кылган келишим долбоору колдоо таппаганына жана депутаттардын өз ара талаш-тартышына байланыштуу кийинкиге жылдырылган. Британия Европа Биримдигинен чыгуунун шарты боюнча Брюссел менен орток пикир таба албай жатат.

Парламент Борис Жонсонго чейинки премьер-министр Тереза Мэйдин Брюссел менен түзүлө турган келишим тууралуу долбоорун үч жолу четке каккан. Жыйынтыгында бул кризис Тереза Мэйдин кызматтан кетишине алып келген.

XS
SM
MD
LG