Өзбекстандын Туризмди өнүктүрүү департаменти өлкө эгемендигинин 28 жылдыгына карата саякатчыларды тейлөө кызматтары арзандатылганын маалымдады. Мейманканалар, ресторандар жана автоунаа кызматын сунуш кылгандар туристтерди 5-сентябрга чейин арзан баада тейлейт.
«Өзбекстан бойлой саякатта» долбоорунун алкагында 200гө жакын мейманкана 5 пайыздан 50 пайызга чейин, 80ден ашуун автоунаа 20 пайызга чейин, 110дон ашуун кафе-ресторан 25 пайызга арзандатылган бааларды сунуш кылышат.
Долбоорго кошулган мейманканалардын, ресторандардын жана автоунаа кызматтарынын тизмеси Туризмди өнүктүрүү комитетинин сайтына жарыяланды.
Андан тышкары, 31-августтан 3-сентябрга чейин «Өзбекстан темир жолдору» ички каттамдарга бааларды 10 пайыздан 50 пайызга чейин, «Өзбекстан аба жолдору» 30 пайыздан 50 пайызга чейин арзандатты.
Өзбекстанда эгемендик майрамы 1-сентябрда белгиленет.