Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:49

Орусияда Кыргызстандан ташылып бараткан атыр кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын Саратов облусунда Кыргызстандан ташылып бараткан контрафакттык атырдын ири партиясы кармалды. Бул тууралуу Приволжск бажы башкармалыгына шилтеме кылып Орусиянын маалымат каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, белгилүү француз өндүрүүчүлөрүнүн эн белгиси чапталган 2,3 миңден ашуун флакон атыр алынды. Текшерүүдө товарга тийиштүү жана ташууга уруксат берген документтер жок болуп чыккан. Мындан сырткары атырдын сапаты начар экени жана контрафакттык белгилери аныкталган.

«Башка бирөөнүн товардык белгисин мыйзамсыз колдонуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG