Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 12:24

Султан Ибраимов менен Төрөбай Кулатовго «КРдин Баатыры» наамы ыйгарылды


Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимовго «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин). Жарлыкта ал мамлекеттин жана Кыргызстан элинин алдында сиңирген өзгөчө эмгеги, ошондой эле Мекенге берилип кызмат өтөгөндүгү үчүн сыйланганы белгиленген.

Мындан сырткары президент ушундай эле эмгеги үчүн коомдук жана саясий ишмер Төрөбай Кулатовго (каза болгондон кийин) «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Баатыры» эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу тууралуу жарлыкка кол койду.

Султан Ибраимов 1927-жылы Чүй облусунун Алчалуу айылында туулган. 1960-жылдардын башынан тартып 20 жыл бою мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген. Аны 1980-жылдын 4-декабрында, Чолпон-Атадагы мамлекеттик дачада болгон учурунда атып кетишкен.

Белгилүү коомдук жана саясий ишмер Төрөбай Кулатов 1908-жылы 2-май күнү Ош облусунун Ноокат районундагы Кара-Булак кыштагында туулган. Кулатовдун эмгек жолу жумушчулук кесиптен башталып, кийин анын жылдызы мамлекеттик саясатчы деңгээлинде жанган. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (32)

XS
SM
MD
LG