Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:41

Илмияновдун соту жабырлануучу келбей калганы үчүн жылдырылды


Икрамжан Илмиянов.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновдун соту үчүнчү ирет жылдырылды. Ага күбө менен жабырлануучунун келбей калганы себеп болгонун «Азаттыкка» адвокат Кубанычбек Ташбалтаев билдирди. Кийинки соттук териштирүү 4-сентябрда улантылат.

27-августтагы жараян да Илмияновдун ишинде шектүү катары өтүп жаткан Руслан Шакировдун жактоочулары келбей калгандыктан болгон эмес.

«Шоопур» деген каймана ат менен таанылган жана мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин эң ишенимдүү адамдарынын бири катары аты чыккан Икрамжан Илмиянов, 2018-жылдын 20-октябрында Орусиядан кармалып, Кыргызстанга жеткирилген.

Ага Башкы прокуратура кылмыш ишин козгогон жана Кылмыш-жаза кодексинин бир канча беренелери менен айып койгон. Илмиянов «жеке компаниялардын биринен 150 миң доллар акча алган» деп шек саналып жатат. Ал УКМКнын тергөө абагында кармалууда. (КЕ)

Пикирлерди көрүңүз (9)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG