Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Кесипкөйлүгүн далилдеген учкуч «Эрдик» медалына татыды


Авариялык абалда конгон учак. 1-март, 2018-жыл.
Авариялык абалда конгон учак. 1-март, 2018-жыл.

«Tez jet» авиакомпаниясынын учагынын командири Дмитрий Палашкин «Эрдик» медалы менен сыйланды. Буга байланыштуу жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Былтыр 1-мартта «Тез жет» авиакомпаниясынын «Бишкек-Баткен» каттамында бараткан учагы абага көтөрүлгөндөн кийин бир кыймылдаткычы күйүп кеткен. Жарым жолдон артка кайтып, «Манас» эл аралык аэропортуна аман-эсен конгон учактагы жүздөй адамдын эч кимиси жабыркаган эмес.

Аба каттамдарына күнү-түнү байкоо жүргүзгөн «Flightradar 24» глобалдык кызматынын сайтындагы маалыматка караганда, учак ошол учурда саатына 552 чакырым ылдамдыкта, 6505 метр бийикте бараткан. Ошол күнү 32 мүнөткө учкан.

Ички иштер министрлиги бул окуядан кийин кылмыш ишин козгоп, Жарандык авиация агенттиги иликтөө комиссиясын түзгөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG