Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:40

Кытай артисттери Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыгына татыды


«Манас» операсы кытай актёрлорунун аткаруусунда.
«Манас» операсы кытай актёрлорунун аткаруусунда.

Кытайдын Борбордук опера театрынын артисттери Кыргызстандын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйланды. Президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, «Даңк» медалы театрдын солисттери Ли Шуанга, Юй Цзинжэге жана Яо Хунга берилмей болду. Театрдын дагы эки солисти Го Чэнчэн менен Гэн Чжэ Ардак грамотасы менен сыйланды. Кытай артисттерине сыйлык эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк мамилелерди тереңдетүүгө, достук байланыштарды бекемдөөгө жана улуттук маданияттарды өз ара байытууга, ошондой эле «Манас» эпосун жайылтууга кошкон салымы үчүн берилди.

Быйыл жайында Бишкекте Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кытайдын Борбордук опера театрынын өнөрпоздору «Манас» операсын коюшкан.

«Манас» эпосунун кытай тилиндеги операсы Жусуп Мамайдын вариантынын негизинде жазылып, Кытайдын Маданият министрлигинин жана Улуттук опера институтунун көмөгү менен коюлган.

«Манас» операсынын бет ачары 2017-жылдын 30-сентябрында Бээжин шаарында болгон. Аталган опера «Манас» жана «Семетей» эпосунун негизинде даярдалып, эки бөлүктөн турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG