Линктер

ишемби, 21-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 15:05

Ош шаарынын вице-мэри Азимовго карата кызматтык иликтөө жүргүзүлөт


Жасур Азимов.

Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов катышкан окуяга байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, вице-мэр Жасур Азимовду Оштун борбордук аянтында Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлери автоунаасы менен мас абалында кармашкан.

Абсаттаров вице-мэр мас экенин мойнуна алганын, күч кызматкерлерине эч кандай каршылык көрсөтпөгөнүн айтканын жарыялады. Автоунаа ага таандык экенин, бирок аны өзү айдап жүрбөгөнүн билдирген. Ошондой эле окуя дем алыш күнү болгонун кошумчалаган.

Интернетке «Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов» деп айтылган адамды мас абалында жол кыймыл коопсуздугун камсыздыган кызматкерлер кармап, машинесин айып токтотмого койгону тартылган үч мүнөткө жакын видеотасма жарыяланды.

Жасур Азимов Ош шаарынын муниципалдык менчик жана курулуш тармагын тескөөчү вице-мэри болуп 2018-жылдын октябрь айында дайындалган. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (7)

XS
SM
MD
LG