Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Ооганстанда укук коргоочуларга чабуулдар көбөйдү


«Эл аралык мунапыс» уюмунун доклады. 28-август, 2019-жыл.
«Эл аралык мунапыс» уюмунун доклады. 28-август, 2019-жыл.

Ооганстанда укук коргоочулар бийликтин да, куралдуу топтордун да чабуулуна туш болуп жатышат. Бул тууралуу «Эл аралык мунапыс» (Amnesty International) уюму 28-августта билдирди.

Уюмдун баяндамасында укук коргоочулар менен активисттер коркутуп-үркүтүүгө, ыдык көргөзүүгө, зомбулукка кабылып жаткан кезде ооган бийлиги менен эл аралык коомчулук алардын абалын көз жаздымда калтырып жатышканы айтылат.

Бандаманын авторлору белгилешкендей, Кабул өкмөтү «укук коргоочу активисттерге кол салууну жакшы иликтебей, кээ бир учурларда «калп айтып жатышат» деп күнөөлөшөт, өздөрүн коргош үчүн колдоруна курал алууга кеңеш бергендер да болгон». «Активисттерди урматтоо, коргоо жана колдоо, алардын дарегине айтылган опузаларды, чабуулдарды иликтөө - өкмөттүн түздөн-түз милдети. Ал эми эл аралык коомчулук Ооганстандагы укук коргоочуларга алар муктаж болгон колдоо көргөзүүгө тийиш», - деди уюмдун аймактык расмий өкүлү Омар Варайх.

XS
SM
MD
LG