Линктер

жума, 20-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:14

Премьер-министр облус жетекчилеринин ишин сындады


Өкмөттө өткөн кеңешме. 29-август, 2019-жыл.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев облус жетекчилеринин катышуусунда өткөн кеңешмеде «өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрү өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди жана тапшырмаларды тийиштүү деңгээлде аткарбай жатат» деп сындады.

- Силердин бардык ыйгарым укуктарыңар бар. Жер-жерлерде маселелерди ыкчам чечүү максатында биз жергиликтүү бийлик органдарына маанилүү ыйгарым укуктарды берүүнү улантып жатабыз, - деди Абылгазиев.

Ошондой эле ал аймактардагы ишкерлерге Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду, «Кепилдик фонду», «Айыл Банк» жана «РСК Банк» сыяктуу финансы институттарынан насыя алууга колдоо көрсөтүү керек экенин айтты. Андан тышкары бизнес-долбоорлорго республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд. сомду натыйжалуу өздөштүрүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы «Кумтөр» кени боюнча кол коюлган келишимге ылайык, «Центеррадан» түшкөн акчанын көбү аймактарды өнүктүрүүгө жумшаларын билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылды «Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялаган. Ага ылайык, быйыл аймактагы ишкерликти өнүктүрүш үчүн жагымдуу шарт түзүү маселесине өзгөчө көңүл бурулары айтылган. (BTo)

Пикирлерди көрүңүз (16)

XS
SM
MD
LG