Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Министр фейк жаңылыктарга каршы мыйзам иштеп чыгууну сунуш кылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов фейк жаңылыктарга каршы күрөшүүнү сунуш кылды. Бул тууралуу министр Бишкекте жарандарды жалган маалыматтардан коргоого арналган тегерек үстөлдө билдиргенин мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Министр фейк жаңылыктарга каршы күрөшүү механизми жок экенин белгилеп, бул багытта резолюция кабыл алууну сунуш кылды.

Министр ушул жылдын июль айында Бишкекте өткөн медиа конференциянын жүрүшүндө жалпы дүйнө үчүн Интернеттеги фейк маалымат мүшкүлгө айланганын белгилеген жана бул багытта журналисттер менен бирге иш алып баруу зарыл экенин кошумчалаган.

Медиа-эксперт Болот Темировдун буга чейин билдиргени боюнча учурда фейк-маалыматтар (жалган маалыматтар) дүйнө боюнча чоң түйшүк жаратууда. Ошол «‎фейктерди» текшерип, тактаган формат - бул «факт-чекинг». Кыргызстанда маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда кайсы бир окуяга, адамга байланыштуу ‎фейк- маалыматтарды атайын үгүт жана манипуляциялык максатта колдонуп, коомдук пикир түзүүгө аракет кылган учурлар аз эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG