Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:08

Венецияда 76-кинофестиваль башталды


Венеция кинофестивалынын коноктору. 28-август, 2019-жыл.
Венеция кинофестивалынын коноктору. 28-август, 2019-жыл.

Шаршембинин кечинде Венеция кинофестивалы жапониялык режиссер Хирокадзу Корээданын «Чындык» деген фильминин дүйнөлүк бет ачары менен башталды. Башкы ролдорду белгилүү актерлор Катрин Денев, Жюльетт Бинош жана Итан Хоук аткарышкан. Калыстар тобун бул ирет аргентиналык киночебер Лукресия Мартел жетектейт. 76-жолу уюштурулуп жаткан эл аралык конкурска 21 фильм катышып, жеңүүчүлөр 7-сентябрда белгилүү болмокчу.

Конкурстан тышкары фестивалда «Настоящее время» телеканалынын колдоосу менен тартылган «Мамлекеттик зыйнат» деген тасма да көргөзүлмөкчү. Сергей Лозница Сталин менен коштошуу тууралуу тасмасын архивдик материалдардын негизинде тарткан.

XS
SM
MD
LG