Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:36

30-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат


Көл-Төр.
Көл-Төр.

Шашылыш билдирүү:

2-3-сентябрларда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, жол кыймылын, энергетикалык жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал багууну кыйынчылыкка учуратат.

Аба ырайы:

30-августта жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 14…19, күндүз 24…29;

Таласта түнкүсүн 10…15, күндүз 23…28;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 15…20, күндүз 27…32;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 12…17, күндүз 21…26;

Нарында түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25 градус болот.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18°, күндүзгү жогорку температурасы 27…29° болот.

XS
SM
MD
LG