Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:54

Текебаев менен Чотонов үй камагына чыгарылды


Дүйшөнкул Чотонов, Өмүрбек Чотонов жана Өмүрбек Текебаев. 29-август, 2019-жыл.
Дүйшөнкул Чотонов, Өмүрбек Чотонов жана Өмүрбек Текебаев. 29-август, 2019-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөрттү. Саясатчылар үй камагына чыгарылып, сот залынан бошотулду.

Соттук жараянга адвокаттар, Жогорку Кеңештин айрым депутаттары, жакын туугандарынан башкалар киргизилген жок. Сот жабык өтүп, журналисттерге кирүүгө уруксат берилген эмес. 200дөн ашуун партиянын мүчөлөрү, тарапташтары Текебаев менен Чотоновдун сүрөтүн, партиянын желегин жана гүл көтөрүп сыртта күтүп турушту.

Сотко саясатчылар өздөрү да жеткирилди.

Адвокат Таалайгүл Токтакунова «Азаттыкка» билдиргендей, жактоочулар соттон саясатчылардын бөгөт чарасын өзгөртүп, тилкат менен абактан бошотууну өтүнүшкөн.

“Ата Мекен” партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен экс-министр, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотонов «орусиялык жаран Леонид Маевскийден пара алды» деген көрсөтмөнүн негизинде 2017-жылы ар бири сегиз жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 21-августта Өмүрбек Текебаев менен Дүйшөнкул Чотоновдун ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Иш райондук сотко кайра кароого жөнөтүлгөн.(КE)

XS
SM
MD
LG