Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Жээнбеков: «Азаттыктын» иликтөөлөрү коррупция менен күрөштө абдан маанилүү


Сооронбай Жээнбеков жана Жейми Флай. 29-август, 2019-ж. Бишкек.
Сооронбай Жээнбеков жана Жейми Флай. 29-август, 2019-ж. Бишкек.

«Азаттыктын» жүргүзгөн журналисттик иликтөөлөрү коррупция менен күрөштө абдан маанилүү. Мындай пикирин мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков «Эркин Европа/Азаттык» (RFE/RL) радиосунун президенти Жейми Флайды кабыл алган учурда билдирди. Жээнбеков радионун иликтөөлөрүнө көз салып турарын жана андагы айрым фактылар боюнча чоң иштер жасалып жатканын кошумчалады. Мисал катары салык маселеси боюнча иштердин жыйынтыгы жакын арада жарыялана турганын белгиледи.

Ошондой эле «Азаттыктын» журналисти Уланбек Эгизбаевдин иликтөөлөрү менен тааныш экенин, анын көзү өткөндөн кийин ата-энесин кабыл алуу абдан оор болгонун кошумчалады.

Корпорациянын президенти Жейми Флай Кыргызстанга кечээ, 28-августта келген. Ал буга чейин Тажикстанда, Казакстанда болду. Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожидин Мухриддин, Алматы шаарында казак президентинин расмий өкүлү жана жарандык коомдун активисттери менен жолугуп, пикир алмашты. Тажикстанда сөз эркиндигинин абалына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Тышкы саясат боюнча адис Жейми Флай «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти жана аткаруучу директору катары 1-августтан тартып кызматка киришкен. (КЕ)

XS
SM
MD
LG