Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:01

Сапар Исаков соттон саламаттыгына көңүл бурууну өтүндү


Сапар Исаков.
Сапар Исаков.

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков бир жума саламаттагына көңүл буруп алууга жана сот отурумуна түштөн кийин келүүгө уруксат сурады. Мындай өтүнүчтү ал 29-августтагы сот жараянында айтты.

Анын адвокаты Нурбек Токтакунов өтүнүч толук канааттандырылбай, кийинки отурум 2-сентябрь саат 14:00гө белгиленгенин билдирди.

Исаковго «кыр арка артериясынын синдрому» деген диагноз коюлуп, 16-августтан 28-августка чейин Улуттук госпиталда жатып чыкты. Учурда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында.

2018-жылы кыш чилдеде Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) авариядан соң Бишкек бир апта бою жылуулуксуз калган. Териштирүүлөрдөн кийин оңдоп-түзөөдө коррупция аныкталып, мамлекет 5 млрд. 439 млн. сом көлөмүндөгү зыян тартканы айтылган. Иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Кийинки отурум 2-сентябрда болот.

Кармалгандардын арасында Сапар Исаковдон тышкары мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев баштаган жоон топ аткаминерлер бар. Аларга «Коррупция» жана «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген беренелер менен айып коюлган.

Исаковдун жактоочусу жана тарапкерлери муну саясий куугунтук катары баалап келатышат. (SE)

XS
SM
MD
LG