Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:14

Жээнбеков: Бишкекти жашылдандыруу саясатын өнүктүрүү керек


Бишкектеги жаңы сейил бактан бир көрүнүш
Бишкектеги жаңы сейил бактан бир көрүнүш

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкекте жашыл саясаттын жоктугунан, курулушту пландоо начардыгынан экология жабыркап жатканын билдирди. Бул тууралуу өлкө башчысы Бишкектеги жаңы сейил бактын ачылышында сүйлөп жатып билдирди. Ал мындан ары шаардын курулуш эстетикасын жакшыртып, көркүнө, кооз имараттарга көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Жээнбеков шаардагы бир катар парктык зоналар буга чейин менчикке берилип кеткенин сындап, аны кайтаруу иштери жүрөрүн баса белгиледи.

“Биз буга чейинк жашыл шаар деген даңазалуу атагыбызды жоготуп алдык. Аны кайтаруу үчүн аракеттерди көрүшүбүз керек” - деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент жаңы сейил бакты өлкөдөгү ынтымакты бекемдөө максатында “Ынтымак” деп атоо чечими кабыл алынганын айтты.

Бишкектеги Масалиев жана Токтоналиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги сейил бактын ачылышы өтүүдө. 10 гектарлык сейил бак быйыл апрелден тарта даярдалып, бак-дарактар тигилип, иретке келтирилген. (BCh)

XS
SM
MD
LG