Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Британия, Франция жана Германия Ирандын өзөктүк келишимин талкуулайт


Британиянын, Франциянын жана Германиянын, атап айтканда Ирандын өзөктүк программасын чектеген келишимден чыкпаган европалык мамлекеттердин тышкы иштер министрлери АКШ Тегеранга басымын улантып жаткан кезде тарыхый документтин күчүн сактап калуу жолдорун талкуулап жатат.

Финляндиянын борбору – Хельсинкиде бул үч дипломатка 30-августта Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча жогорку өкүлү Федерика Могерини да кошулмакчы. Күн тартибинде Перс булуңунан жүк ташыган кемелердин коопсуз өтүүсүн камсыздоо маселеси да бар.

Иран менен Кошмо Штаттардын ортосундагы чыңалуу 2015-жылы, Иран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимден Вашингтон былтыр чыккандан кийин баштап курчуп кеткен. Вашингтон Иранга буга чейин болуп көрбөгөндөй санкцияларды киргизсе, Тегеран ага жооп катары келишимде өзүнө алган милденттенмелерин азайта баштаган.

Ирандын өзөктүк программасын чектеген келишимге кол койгон Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия ал документти сактап калууну жактайт.

Перс булуңундагы кырдаал Ирандын Батыш мамлекеттерине таандык кемелерди "мыйзамсыз жүк алып баратат" деп кармап калууга аракет кылгандан кийин чыңалган. Вашингтон «кемелерге кол салууну уюштурууда» деп Иранды айыптап келет.

XS
SM
MD
LG