Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:44

Украина Орусия менен туткундарды алмашуу иши бүткөнүн четке кагууда


Орусияда камакта жаткан украин деңиз кызматкерлеринин соту.
Орусияда камакта жаткан украин деңиз кызматкерлеринин соту.

Украина Москва менен туткундарды алмашуу тууралуу сүйлөшүү уланып жатканын маалымдады.

Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин өкүлү "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Ага чейин Орусияда камакта жаткан 24 украин деңиз кызматкеринин биринин тууганы “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна алардын баары бошотулганын кабарлаган.

Андан тышкары Украинанын жаңыдан баш прокурорлугуна дайындалган Руслан Рябошапка "Фейсбуктагы" баракчасына Жогорку Раданын кызматкери Анна Исламованын “Моряктар, Сенцов, Карпюк, Балух, Гриб үйлөрүнө учуп келе жатат”, - деген билдирүүсүн бөлүшкөн.

Ошол эле учурда Орусиянын мамлекеттик ТАСС агенттиги Украинада кармалып турган орус жарандарынын адвокатына таянып, ал адамдар учурда тергөө абагында кармалып турганын жазган.

Ал эми Украинанын Коопсуздук кызматынын өкүлү “барымтадагыларды алмашуу жараяны башталганын жана туура эмес маалымат таратпай турууну” эскерткен.

Акыркы жумаларда Киев менен Москвада туткундарды алмашуу тууралуу сүйлөшүүлөр өткөн. Киев менен Москва ар бири, өз тарабынан 33 туткунду алмаштырууга даярданып жатканы кабарланган.​

Киев Орусиянын аймагында украиналык 150 жаран туткунда экенин айтып келет.

XS
SM
MD
LG