Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Илья Яшин бешинчи ирет он күнгө камалды


Илья Яшин.
Илья Яшин.

Москванын Тверь соту оппозициялык саясатчы Илья Яшинди он күнгө камоо тууралуу чечим чыгарды. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун орус кызматы жазды.

Москва шаардык кеңешине шайлоодон четтетилип, катары менен төртүнчү он күндүк административдик жазасын өтөп, 28-августта бошоп чыккан Илья Яшин ошол замат кайра кармалган.

Москванын Красносельск округдук кеңешинин төрагасы Илья Яшин «уруксат берилбеген акцияга чакырган» деген жүйө менен июль жана август айларында он күндөн төрт жолу камалды.

Борбордук шайлоо комиссиясы ар кандай себептер менен оппозициялык маанайдагы талапкерлерди 8-сентябрда өтө турган Москва шаардык кеңешиндеги шайлоого каттабай койгон. Алардын арасында «Коррупция менен күрөш фондунун» юристтери Любовь Соболь менен Иван Жданов, саясатчы Илья Яшин, укук коргоочу Андрей Бабушкин бар.

Москвада өз алдынча талапкерлерди шайлоого катыштырууну талап кылып, дээрлик ар апта сайын нааразылык акциялары өтүп жатат.

10-августта Москвада көчөгө чыккандардын саны 60 миңге жетип, сегиз жылдан берки аралыктагы ири нааразылык акциясы болуп калды.

XS
SM
MD
LG