Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

АКШнын космостук күчтөрү ишин расмий баштады


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

30-августта Ак үйдөгү салтанатта президент Дональд Трамп АКШнын космостук күчтөрүн түзүүнүн максаты коркунучтарга жооп берүү экенин билдирди. Анын айтымында, жаңы күчтөр космосто АКШнын турмуштук кызыкчылыктарын коргоого жардам берет.

Дональд Трамп 19-февралдагы чечими менен АКШнын космостук күчтөрүн түзүү жараянын баштоону буюрган. Бул - Американын потенциалдуу каршылаштары - Орусия менен Кытайдын космостук аракеттерине берген жообу. Адистер аталган эки өлкө АКШнын космостогу үстөмдүгүнө коркунуч жарата турган технологияны жасап жатканын айтып келет.

Июнда Сенат Космостук күчтөрдүн башчылыгына генерал Жон Рэймонду бекиткен. Азыр космостук күчтөрдүн катарында 287 жоокер бар. Жон Рэймон бул аскерий бөлүктүн башкы кеңсеси кайда жайгашары чечилип жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG