Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 06:51

Ирандын мунай танкери кайрадан багытын өзгөрттү


Кошмо Штаттар мунай танкерин Ирандын революция сакчылары корпусу менен байланышы бар деген негизде камакка алуу буйругун чыгарган.

Бир канча күндөн бери Жер ортолук деңизинде бара жаткан Ирандын мунай ташыган кемеси багытын өзгөртүп, артка, Түркиянын портун көздөй жөнөдү. Бул кеменин багытына АКШ тыкыр көз салып жатат.

Мурда "Grace1" деп аталган "Adrian Darya1" танкери Түркиянын Мерсин портуна багыт алганы тууралуу маалыматты автоматташтырылган системага киргизген. Бирок деңиздеги кемелердин кыймылына көз салган сайт 29-августта Түркия менен Кипрдин ортосунда жүргөн танкер бурулуп, батыш тарапка жол тартканын айтышкан.

Эми болсо кеме Түркиянын Искендерун шаарына багыт алганы айтылууда. Искендерун Сириянын мунай ишитетүүчү заводу жайгашкан Банияс шаарынан 200 чакырымдай алыс. Аталган кеме Гибралтардын жээгинде кармалганга чейин ушул мунай заводуна келмек деген маалымат бар.

Кошмо Штаттар мунай танкерин Ирандын революция сакчылары корпусу менен байланышы бар деген негизде камакка алуу буйругун чыгарган. Корпусту Вашингтон террордук уюмдардын тизмесине киргизген.

130 миллион долларлык кара май тартып бараткан "Adrian Darya 1" Евробиримдиктин санкцияларын бузуу менен Сирияга мунай ташууда деген шек менен 4-июлда Гибралтардын жээгинде кармалган.

19-августта Сирияга барбайт деген убададан кийин кемеге Британиянын аймагынан чыгып кетүүгө уруксат берилген.

26-августта Иран андагы 2 миллион баррел кара май сатылганын билдирген.

Вашингтон менен Тегеран ортосундагы чыңалуу былтыр майда АКШ эл аралык өзөктүк келишимден чыккандан кийин күчөдү. Ислам жумуриятынын экономикасы санкциялардан улам жапа чегүүдө.

Июлда Тегеран 2015-жылы түзүлгөн келишимдин алкагында, өзүнө алган айрым милдеттенмелеринен баш тарта турганын билдирген.

Пикирлерди көрүңүз

XS
SM
MD
LG