Линктер

жума, 20-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 03:02

Бабанов: Текебаевдин эч кандай күнөөсү жок


Жума күнү кечинде Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматына (УКМК) сурак берип чыккан “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов саясатчы Өмүрбек Текебевдин үй камагына чыгарылганы боюнча журналисттерге комментарий берди.

“Мен Өмүрбек Чиркешовичтин эч кандай күнөөсү жок деп ойлойм. Мунун артында саясат турган. Саясий заказ болгон. Бүгүн биздин өлкөдө ушундай сот чечимдери чыгып жатканына кубанычтамын”, - деди Өмүрбек Бабанов​.

Бабанов Текебаев акталарына үмүт кылып жатканын белгиледи. Анын айтымында, соттун саясий чечимдери мамлекет үчүн жакшы эмес экенин кошумчалады.

29-августта Бишкектин Биринчи май райондук соту «Ата Мекен» партиясынын түрмөдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун бөгөт чарасын өзгөртүп, сот залынан бошоткон.

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте (УКМК) жана Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматта (Финансы полициясы), азыркы тапта өзүнө байланыштуу баш-аягы сегиз иш иликтенип жатканын айткан. Алардын ичинен учурда төртөөнүн чоо-жайы белгилүү. Калган иштер боюнча Бабанов өзү да, мамлекеттик мекемелер да маалымат бербей жатат.

Өмүрбек Бабанов өзүнө козголгон иштер боюнча УКМК менен Финполицияга бир нече жолу сурак берип чыкты. Ал аталган мамлекеттик органдарда күн алыс алмак-салмак ар бир чакырылган сайын дээрлик беш сааттан суралууда.

Бабанов 2017-жылдагы президенттик шайлоодо азыркы президент Сооронбай Жээнбековдун негизги атаандашы болгон жана шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен. 2018-жылы чоң саясаттан кеткенин, мындан ары жалаң ишкерлик менен алектенерин билдирген. Быйыл 9-августта Москвадан Бишкекке учуп келген. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (20)

XS
SM
MD
LG