Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:51

Президентке бир катар мамлекет лидерлери куттуктоо жөнөттү


Кыргызстандын эгемендик алганынын 28 жылдыгына байланыштуу бир катар мамлекеттердин президенттери өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековду жана кыргызстандыктарды куттуктаган билдирүү таратышты. Алардын куттуктоолору президенттин сайтына жарыяланды.

Кытай мамлекетинин лидери Си Цзиньпиң «кытай-кыргыз ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жаңы тепкичке чыгаруу үчүн сиз менен биргелешип аракет жасоого даярмын» десе,

Орусиянын президенти Владимир Путин «стратегиялык өнөктөштүк, Кыргызстан менен Орусия ортосундагы мамиле биздин боордош элдердин кызыкчылыктарына толук кандуу жооп берет, аймактык коопсуздук жана туруктуулукту камсыз кылуу багыттары жүргүзүлүүдө» деген.

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган кыргызстандыктарды эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, боордош өлкө катары Кыргызстан эгемендик алгандан берки стратегиялык мамилени дагы өнүктүрүүгө ишенерин билдирген.

Коңшу Өзбекстан мамлекетинин лидери Шавкат Мирзиёевдун куттуктоосунда акыркы мезгилдеги кызматташуунун натыйжасы менен товар жүгүртүүнүн көлөмү өскөнү, чек ара аймактары ортосундагы ишкерлик чөйрөдө бекем байланыштар орнотулганы айтылат.

Чек аралаш Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон “биздин конструктивдүү мамилелерибиз мындан ары да бекемделип, өз ара урматтоо, жакшы мамиле менен бардык максаттарга жетерибизге ишенем» деди.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоо телеграммасында “биздин ачык жана үзгүлтүксүз саясий диалогубуз мындан ары да казак-кыргыз мамилесин ар тараптуу бекемдөөгө өбөлгө түзөт деп ишенем», - деп белгиленет.

Президент Гурбангулы Бердымухамедов Түркмөнстан Кыргызстан менен кошуналык карым-катнашка, өз ара урматтоо жана ишенимге негизделген мамилени жогору баалайт деген.

Азербайжандын президенти ​Илхам Алиевдин куттуктоосунда “салттуу достук мамилелер жана Азербайжан менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтык элибиздин кызыкчылыгында мындан ары дагы өнүгүп, кеңейет деп ишенем” деп айтылат.

Жогорудагы өлкө башчыларынан сырткары Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев “азыркы кезде Кыргызстан саясий, социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдө өнүккөн мамлекетти куруу жолунда ишенимдүү кадам таштоодо” деген куттуктоосун жөнөткөн.

Бүгүн Кыргызстанда эгемендиктин 28 жылдык майрамы белгиленип жатат. 1991-жылы өлкө СССРдин курамынан бөлүнүп, көз карандысыз мамлекет болгон. Ошол жылы 31-август өлкөнүн эгемендик күнү деп жарыяланган. (TSh)

XS
SM
MD
LG