Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:53

Трамп: Кыргызстан менен кызматташуу жөнүндө жаңы келишим ишке ашат деп үмүттөнөм


Америка Кошмо Штаттарынын президентти Дональд Трамп Кыргызстандын мамлекет башчысы жана кыргызстандыктарды эгемендик күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин сайтында жазылды.

«Өткөн 28 жыл аралыгында эки өлкөнүн мамилеси элибиздин ортосунда күчтүү байланыштын түзүлүшүнө салым кошту. Быйыл кайрадан башталган биздин диалогубуз, мамилелерибиздин позитивдүү багытта өнүгүп жатканынан жакында жаңы эки тараптуу кызматташуу жөнүндө келишимдин түзүлүшүнө алып келет деп үмүттөнөм», - деп жазылган АКШ президенти Дональд Трамптын куттуктоосунда .

Кыргызстан менен АКШнын өкмөттөрүнүн кызматташтыгы тууралуу келишимге 1993-жылы 19-майда Вашингтондо кол коюлган.

Бул документти кыргыз өкмөтү 2015-жылдын 21-июлунда бир тараптуу денонсациялаган.

Ушул жылдын 14-мартында элчилер менен жыйында мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков жаңы келишим даярдалып жатканын билдирген.

Бүгүн Кыргызстанда эгемендиктин 28 жылдык майрамы белгиленип жатат. Буга байланыштуу Борбор Азия, Европа жана башка бир катар өлкөнүнүн башчылары куттуктоо жөнөтүштү.

1991-жылы өлкө СССРдин курамынан бөлүнүп, көз карандысыз мамлекет болгон. Ошол жылы 31-август өлкөнүн эгемендик күнү деп жарыяланган. (TSh)

XS
SM
MD
LG