Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Февраль, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:05

Асрандиевди издөөгө жергиликтүү тургундар дагы кошулду

Эркин Асрандиевди издөөгө тартылган адамдар.
Эркин Асрандиевди издөөгө тартылган адамдар.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиевди Тору-Айгыр, Чоң-Сары-Ой жана Тамчы айыл аймактарынан алтымыштай киши издеп жатат. 

Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев билдирди. Аким катуу толкун издөө ишине тоскоолдук жаратышы мүмкүн экенин кошумчалады. 

Учурда тез жүрүүчү бир кеме, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин "Мөлтүр" жана Чолпон-Атадагы №2 мамлекеттик резиденциянын "Москва" кемеси издөө иштерине тартылды. Каракол шаарынан да ӨКМдин суучулдары келди. 

Өкмөт башчы Ысык-Көлдүн Тоң районунун Кара-Талаа айылынан сүзүп жөнөгөн Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиевди издөө иштерин активдүү жүргүзүүгө буйрук бергени маалым болду.. (KS)

XS
SM
MD
LG