АКШнын Огайо штатындагы мекендештер жыл сайын 31-август - Кыргызстандын эгемендик күнүндө өтүүчү «Ынтымак» кубогунун 10 жылдыгын белгилешти. Он штаттан келген кыргызстандыктар футбол, волейбол сыяктуу спорттун түрлөрү боюнча мелдеш өткөрүштү.
Ошондой эле Цинциннати штатында кыргыз маданий борбору ачылып, чакан китепкананын бет ачары болду. Бул иш-чараларга Кыргызстандын АКШдагы элчиси Болот Отунбаев катышты. Майрамдык иш-чараларды «Kyrgyz USA Community» уюму уюштуhган. (EzK/TSh)