Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Британия: бири нече шаарда Жонсондун саясатына каршы акциялар өттү


Акциянын катышуучулары.
Акциянын катышуучулары.

31-августта Британиянын шаарларында премьер-министр Борис Жонсондун Евробиримдиктен чыгар алдында парламенттин ишин убактылуу токтотуу боюнча чечимине каршы нааразылык акциялары өттү. BBC миңдеген демонстранттар Лондон, Манчестер, Лидс, Йорк жана Белфаст шаарларынын көчөлөрүнө чыгышканын маалымдады.

Премьер-министрдин резиденциясынын жана парламенттин имаратынын жанындагы акциядан кийин митингчилер Букингем сарайына барышты. Айрымдары Жонсондун чечимине уруксат бергени үчүн ханыша Елизавета IIге нааразы болуп жатышты.

28-августта ханыша Елизавета II өкмөт башчынын өтүнүчү менен парламенттин ишин убактылуу токтотууга макул болгон. Тыныгуу сентябрдын экинчи аптасында башталып, 14-октябрга чейин уланмакчы. Мындай чара өлкөнүн Евробиримдиктен чыгышына - Брекзитке жардам берери айтылган.

Премьердин оппоненттери бул жол башаламандыкка жана экономиканын начарлашына алып келет деп тынчсызданышат. Оппозициядагы Лейбористтер партиясынын лидери Жереми Корбин Жонсонго ишеним көрсөтпөө боюнча демилге көтөрүүгө убада берди.

2016-жылкы референдумдун негизинде Британия шаркеттен 29-мартта эле чыгышы керек болчу. Парламент буга чейинки өкмөт башчы Тереза Мэй сунуш кылган Брюссел менен түзүлгөн келишим долбоорун 3 жолу четке каккан. Ошондон кийин Мэй кызматтан кетип, шаркеттен чыгуу мөөнөтү 31-октябрга жылдырылган. Жонсон макулдашуусуз болсо да, ошол күнгө чейин Брекзитти ишке ашырарын айтып келатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG