Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Асрандиев: өзүмдү бир аз күнөөлүү сезип жатам


Эркин Асрандиев табылган учур.
Эркин Асрандиев табылган учур.

Ысык-Көлдү сүзүп өтмөкчү болуп дайынсыз кетип, сегиз сааттан кийин табылган Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Эркин Асрандиев «Фейсбук» баракчасы аркылуу коомчулукка ыраазычылык билдирди. Асрандиев жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө, куткаруучуларга ыкчам иштери үчүн рахмат айтып, баарын дүрбөлөңгө түшүрүп убара кылганы үчүн өзүн бир аз күнөөлүү сезип жатканын белгилеген.

Ал өзү жана командасы баары жайында экенин айтып, өз окуясына кыскача токтолгон.

«Мындай сүзүүгө жана коштоого тажрыйбасы бар эки коштоочу кайык, куткаруучу кемсел, буёк, электр чырак, тамак-аш сыяктуу бардык керектүү оокаттар белен болчу. Бирок биз аба ырайын эске албай калыптырбыз. 17:30дарда сүзүп өтүүчү аралыктын жарымына келгенде шамал башталды. Толкундар 2-3 метрге көтөрүлүп жатты. Биз бири-бирибизди таппай калдык. Кайык аңтарылып кетти. Экинчи моторлуу кайык жээкке тамак алганы кеткен боюнча кайра келе албай коюптур. Кудайдын буйругу менен баары жакшы аяктады. Мен жээкке жети сааттан кийин сүзүп бардым, ал жактан куткаруучулар тосуп алышты», деп жазды Асрандиев.

Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Эркин Асрандиев Тоң районунун Бар-Булак айылындагы жээктен 1-сентябрга караган түнү саат экилерге жакын аман-эсен табылган. Асрандиев 31-августта Ысык-Көлдүн күңгөй тарабынан тескейине сүзүп баратканда катуу толкунга кабылып, сегиз сааттан ашуун дайынсыз болду. Ал эми Асрандиевди Ысык-Көлдө сүзүп баратканда коштоп жүргөн Нарынбек Кемеловду куткаруучулар түнкү саат 12ге чукул көлдүн ортосунан табышкан. (TSh)

XS
SM
MD
LG