Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:23

«Ак шумкарлар» дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарына даярданууда


Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы машыгуу учурунда. БАЭ, Абу-Даби шаары. 10-январь, 2019-жыл.
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы машыгуу учурунда. БАЭ, Абу-Даби шаары. 10-январь, 2019-жыл.

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2022-жылы Катарда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычына даярдыгын баштады. Бул тууралуу кыргыз курама командасынын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин бүгүн, 1-сентябрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Башкы машыктыруучу курама командага жалпысынан 23 оюнчуну чакырган. Окуу-машыгуу иштери бүгүн, 1-сентябрда башталат.

- Биздин максат - биринчи эле тандоо оюндарында Азия Кубогуна өтүү, 12 мыкты команданын катарына кирүү. Азырынча оюндар баштала элек, бардык командалардын мүмкүнчүлүгү бирдей. Биз төрт оюнду конокто өткөрөбүз. Атаандаштарыбыз ар түрдүү. Бир жагынан командалардын техникалык деңгээли жогору, экинчи жагынан ар бир өлкөнүн климатынын өзгөчөлүгү бар. Эч жерде оңой болбойт, - деди Александр Крестинин.

Тандоо баскычынын алгачкы беттешинде Кыргызстан 5-сентябрда Дүйшөмбү шаарында Тажикстандын курама командасы менен беттешет.

17-июлда Куала-Лумпур шаарында өткөн чүчүкулакта ФИФАнын рейтингине ылайык Азия чөлкөмүнүн 40 командасы сегиз тайпага бөлүнгөн. Кыргызстан F тайпасына туш болуп, Тажикстан, Жапония, Мьянма жана Монголия менен ойнойт.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын 2-баскычынын жыйынтыгында сегиз тайпанын жеңүүчүсү жана экинчи орунду ээлеген төрт мыкты команда 2023-жылы Кытайда өтө турган Азия кубогуна жана 2022-жылы Катарда боло турган дүйнө чемпионатынын акыркы тандоо оюндарына жолдомо алат.

Калган 24 команда кийинки баскычта 2023-жылы боло турган Азия кубогуна 12 жолдомо үчүн ат салышат.

Тандоо оюндарынын 2-баскычы Кыргызстан үчүн 5-сентябрда башталып, 2020-жылдын 9-июнуна чейин уланат. (GT)

XS
SM
MD
LG