Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:43

Ала-Арчада 30 гектарды каптаган өрт өчүрүлдү


Ала-Арчадагы өрт.
Ала-Арчадагы өрт.

Ала-Арча эс алуу жайындагы 31-августта тутанган өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Тоонун боорундагы жана чокусундагы бадал менен куураган чөптөн башталган өрт 30 гектарга жакын аянтты каптаган. Өрт 1-сентябрда саат 13:03тө толук өчүрүлдү. Учурда ал жерде 10 куткаруучу нөөмөттө калды.

Буга чейин милиция кырсыктын себептери аныкталып жатканын билдирген. Бул факт Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 287-берене («Токойго зыян келтирүү») менен сотко чейинки өндүрүшкө алынды. (TSh)

XS
SM
MD
LG