Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:26

Гонконгдо полиция демонстранттарга желим ок атты


Гонконгдогу нааразылык акциялары.
Гонконгдогу нааразылык акциялары.

Өткөн ишембиде Гонконгдун полициясы митингчилерге каршы суу атуучу курал колдонуп, желим ок атты. Шаардык жетекчиликтин тыюу салганына карабай түмөндөгөн демонстранттар жүрүш жасашты. ВВС бир нече активисттер камалганын маалымдады.

Акциянын катышуучулары шаардын борборунда күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерине Молотов кошулмасы менен каршылык көрсөтүп жатышты. CNN полиция аларга каршы көздөн жаш агызуучу граната колдонгонун кабарлады. Акциянын бир нече катышуучусу кармалды. Күч түзүмдөрү шаардын администрациясын курчап, кайтарууга алганына карабай митингчилер парламенттин имаратына чабуул коюшту.

Кытайга кылмышкерлерди экстрадициялоону караган мыйзамга каршы акциялар 11 жума мурда башталган.

Гонконгдун бийлиги бул мыйзамды белгисиз мөөнөткө артка чакыртып алганына карабай, нааразы болгондор андан биротоло баш тартууну, Гонконг атайын административдик аймагынын жетекчиси Кэрри Ламдын кызматтан кетишин талап кылып келатышат. (TSh)

XS
SM
MD
LG