Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:51

«Дориан» шамалы Флоридага жакындап калды


«Дориан» шамалы Пуэрто-Риконун жээгине жакындаган маал. 28-август, 2019-жыл.
«Дориан» шамалы Пуэрто-Риконун жээгине жакындаган маал. 28-август, 2019-жыл.

Флорида штатына жакындап келаткан «Дориан» шамалы күчөп баратат. Шамалдын ылдамдыгы эпицентрде саатына 260 чакырымга жетти. Бул тууралуу америкалык метеорологдор маалымдашууда. Ушу тапта ураган Багам аралдарына жакындап калды. Абако аралынын жашоочуларына атайын жайларга жашынууга же жээктен алыс болууга кеңеш берилди. Флориданын чыгыш жээгине шамал болжолу менен дүйшөмбү же шейшемби күнү жетет. Айрым божомол боюнча шамал түндүк тарапка багыт алып, Жоржиа жана Түштүк Каролина штаттары да жабыркашы мүмкүн экенин көргөзүүдө.

Шамалдын жакындашынан улам президент Дональд Трамп Польшага баруудан баш тартты.

2018-жылы «Майкл» деген катуу шамалда АКШда 50 киши каза тапкан.

XS
SM
MD
LG