Линктер

дүйшөмбү, 23-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 15:45

Кыргызстанда 156 миң бала 1-класска барат


Иллюстрациялык сүрөт.

1-сентябрь дем алыш күнгө туура келгендиктен быйыл жаңы окуу жылы 2-сентябрда башталды. 2019-2020-окуу жылында Кыргызстан боюнча 156 миңден ашык бала 1-класска кирет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлаган.

2-сентябрда өлкөдөгү бардык мектептерде Билим күнүнүн башталышына байланыштуу салтанаттуу чогулуштар уюштурулуп, 3-сентябрдан тартып сабактар өтүлө баштайт. Кыргызстанда быйыл мектепке барчу окуучулардын жалпы саны 1 миллион 300 миңге чамалайт. Өлкө боюнча мектептердин саны 2 265ге жеткен.

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG