Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Кой-Таш окуясын иликтей турган комиссия ушул жумада ишин баштайт


 Кой-Таш. 8-август, 2019-жыл.
Кой-Таш. 8-август, 2019-жыл.

7-8-августта Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтеш үчүн түзүлгөн мамлекеттик комиссиянын биринчи жыйыны ушул жума ичинде болот. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган комиссиянын төрагасы, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков билдирди. Аталган комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен 29-августта түзүлгөн.

Ага Жогорку Кеңештин депутаттары Бактыбек Райымкулов, Алмазбек Баатырбеков, Жаныбек Бакчиев, Абдыбек Дүйшалиев, Талант Мамытов, Бакирдин Субанбеков, Тынчтык Шайназаров кирген.

Андан тышкары юстиция министри Марат Жаманкулов, өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Намазалиев баштаган бир катар мамлекеттик органдардын кызматкерлери кирген.

Ошондой эле анын курамында «Антитеррор-Альфа» коомдук бирикмесинин төрагасы Артур Медетбеков, коомдук ишмерлер Исмаил Исаков, Кубатбек Кожоналиев, мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун жана эксперт Алишер Мамасалиев да бар.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева комиссияга мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары киргизилбегенин айтып, анын калыс иш алып баруусунан күмөн санап жатат. Комиссиянын төрагасы Жеңиш Разаков мүчөлөр макулдашуу менен тандалганын айтты. (BTo/BkA)

XS
SM
MD
LG